Биринчи мугалим дуйшон конспект кыргызча!!!​
Ответ
0 (0 оценок)
0
salunbekovaakulai 5 месяцев назад
Светило науки - 8 ответов - 0 раз оказано помощи

Ответ:

Ар бир доор өз каарманын жаратат" демекчи, Ленин алып келген Октябрь революциясы элибизге Айтматовдун “Биринчи мугалиминдеги” Дүйшөндү тартуу кылды. Дүйшөн өзү ким? Чыгармадагы элдин айтуусунда ал “…темир жолго тентип кеткен Таштанбектин уулу…өкүмөт аны солдаттан бошотуп, мугалим кылып жиберген имиш…”. “Биздин айылга мен башта көрбөгөн, аскер шинел кийген чоочун жигит келди”, - дейт эмеспи чыгарманын башталышында тирикарак Алтынай.

Көрүнүп тургандай, Айтматов жаңы замандын орношун тоо арасындагы айылга биринчи мугалимдин келиши менен байланыштырат. Дүйшөн өзү да чогулган элге: “Мен молдо эмесмин. Мен комсомолмун. Азыркы убакытта кат тааныгандарды мугалим дешет. Мен аскерде жүрүп кат таанып келдим. Менин молдолук жайым ошондой”,- деп тааныштырат.

Дүйшөн – 20-жылдардын, совет бийлиги орноп жаткан туштагы биринчи мугалимдердин типтүү өкүлү. Анын солдат шинелинин ички чөнтөгүндө комсомол берген, мөөр басылган кагазы бар. Элдин корккону - ошол кагаз. Дүйшөн байдын эски тамын саман ташып, отун алып, балдардын окуусуна ылайыктап даярдайт. Анын убаракерчилигин көрүп эл: “А, бечара, мугалим деген кызматың деле жыргаган жумуш эмес экен го”, - дейт.

Остались вопросы?