Тоголок молдо конспект на кыргыском пожалуйста
Ответ
0 (0 оценок)
0
salunbekovaakulai 5 месяцев назад
Светило науки - 8 ответов - 0 раз оказано помощи

Ответ:

Тоголок Молдонун өз аты Абдырахман уулу Байымбет. Акын Нарындын азыркы Ак-Талаа районуна караштуу Күрткө айылында 1860-жылы жайдын алгачкы күндөрү кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Байымбеттин атасы Абдрахман кыргыз ырларын мыкты билген, эл арасында ырдай калып жүргөн шыктуу адам болгон.

Эл оозунда айтылып жүргөндөргө караганда, эртелеп сабатын жоюп, тамга таанып калган кара тору тоголок жүздүү Байымбетти айылдагы келин-кесектер Тоголок Молдо деп тергеп алышкан. Эл оозуна алынып, акын гана эмес "Манасты", "Семетей" менен "Сейтекти" айткан, аларды кагаз бетине түшүргөн чебер катары тарыхта калган аты да ушул Тоголок Молдо.

Өз заманынын сабаттуу адамдарынын бири, Тоголок Молдону кыргыздын биринчи жазма акыны деп да аташат. Ал карапайым эл арасында агартуучулук иш алып барган алгачкы инсандардан. Сабаттуу болууну эңсеген акылы зирек, чыйрак бала кичине кезинде эле бир нерсе үйрөтөр деген үмүт менен айылдын молдосуна жалданып малайлык кылган…

9 жашынан Байымбет айылдык молдодон бир аз сабат алып, андан соң айылдагы мусулмандар мектебинде окуган. 14 жашында атасы каза болуп калып, чоң атасынын бир тууганы Музоокенин багуусунда калат. Музооке ошол кезде атагы чыккан төкмө акын жана комузчу болгон. Тоголок Молдонун сөз чеберчилиги өрчүп калыптанышына, элдик чыгармаларга кызыгуусунун артышына Музоокенин таасири зор болгону айтпаса да түшүнүктүү болор. Бирок 4 жылдан кийин Музоокенин да көзү өтүп, алардын бүлөсү жокчулуктун айынан Жумгалга көчүп келип, жергиликтүү бир манапка малай болушат. Ал жерен да турмушу оңолбой койгондо, Чүй өрөөнүнө, Токмокко жакын жердеги Кара-Дөбө айылына энесинин туугандарына көчүп келишет. Ал жерде да Байымбет байларга малайлык кылып, билимин арттырсам деген үмүттө молдого да жалданат. Бирок молдо аны ишке салгандан башка эч көңүл бурбаган соң, болочок акын андан кетип, айылдын кичине балдарына тамга үйрөтөт.

Остались вопросы?