Ж.Турусбеков \"Энем\"(поэмасы) дилбаян.
Ответ
4 (6 оценок)
5
burul4931 1 год назад
Светило науки - 10 ответов - 0 раз оказано помощи

Ответ:

Энем" поэмасында ошол учурда өлкөбүздүн айыл чарбасын колхоздоштуруу боюнча жүрүп жаткан окуя орун алган. 1932 - 1933-жылдары айыл чарбаны туташ коллективдештирүү, анын негизинде кулактарды тап катары жоюу саясаты ишке ашырылган. Буга байланыштуу дыйкандардын таптык аң-сезими ойгонуп, аларда жаңы түшүнүк, жаңы коомдук мамиле пайда болот. Ж. Турусбековдун "Энем" поэмасында мына ушул элдин салт-санаасында болуп жаткан өтө терең идеялык, психологиялык өзгөрүүлөр, жаңы коомдук мамилелери көрсөтүлгөн.

Өнүгүүнүн жаңы жолуна түшкөн эл да, жер да бүт өзгөрүлүп жатса, жалгыз гана карт эненин түшүнүгү өзгөрүлбөйт. Анын чексиз боорукер жүрөгү беш жыл кеткен уулун эстеп кейийт. Ал гана эмес, мурдагы өзүн эзген зулум Орунбайды да аяйт. Бул караңгы эненин адашкан боорукердиги эле. Поэмада караңгы эненин адашканы, жаңылыш түшүнүгү ынанымдуу түрдө терең ачылып көрсөтүлгөн.

Остались вопросы?